SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өзүңөрдөн улуу адамды сүйүп калуудан коркосуңарбы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Өзүңөрдөн улуу мырзаны, айымды сүйүп калуудан коркосуңарбы? Эгерде сүйүп калсаңар эмне кылмак элеңер?"
"Баш-отум менен сүйүп калган убакта да өзүмдү акыл менен токтотууга эрким жетет".
"Кыздар өзүнөн 10 жашка чейин улуу адамды сүйө берсе болот. Ал эми бул нерсе эркектерге туура келбейт деп айтат элем".
"7 жашка чейин улуу болсо сүйүп калуудан коркпойм. Эгер андан да улуу болсо сүйүп калбасам керек".
"Өзүмдөн 5-6 жаш улуу болсо сүйө берем, анткени канча улуу болсо, ошончо ортодо урмат-сый да болот деп ойлойм".
"Сүйүү - эч ким чечмелей албаган сезим. Жакшы көрүү, жактыруу бар. Ал эми сүйүү деген нерсе жок. Сүйүү - кооздолуп, кино, жомок, чыгармаларда айтылган гана сөз. Чыныгы сүйүүнү сүйгөнүң үчүн өлүү деп түшүнөм. Ромео-Жульетта, Тристан-Изольда, мына булардыкын сүйүү деп айта алабыз. Азыркы заманда мындай сүйүү жок. Бирөөнү чындап сүйгөн адам башка менен турмуш куруу тууралуу ойлобошу керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.