Кыргыз Республикасында аккредитацияланган аскер атташелери менен Башкы штабдын башчысы жолукту

2016-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасында Аккредитацияланган аскер атташелеринин ассоциациасынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы, генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев менен аскердик-дипломатиялык корпустун таанышуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Башкы штабдын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгы бүгүн, 29-июлда билдирди.

Жолугушууда аскер мекемелеринин өкүлдөрү Борбордук Азия аймагында жана дүйнөдө болуп жаткан аскердик-саясий кырдаалдар боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоонун мындан аркы пландарын, кызматташуунун келечектерин карашканы маалым болду. Кыргыз Республикасынын аскердик кызматташтыктары төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт: аскердик-техникалык, аскер кадрларын жана чет өлкөдөгү аскердик-окуу жайларында адистерди даярдоо, тынчтык багыттарында жана күжүрмөн даярдыктын биргелешкен иш-чараларын өткөрүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан