Бишкекте Кытайдын Хайдун шаарынын мыкты товарларынын көргөзмөсү уюштурулду (фоторепортаж)

Бүгүн, 29-июлда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Кытай Эл Республикасынын Цинхай провинциясындагы Хайдун шаарынын мыкты товарларынын көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөгө Хайдун шаарынын айыл чарба, текстиль өндүрүшү, колго жасалган буюмдар, азык-түлүк жана башка мыкты делген товарлары коюлган. Максаты - кыргыз компаниялары менен ишкердик алакаларды түзүү жана өнүктүрүү.

Ошондой эле аталган шаардын мыкты делген ашпозчулары кесме жасоодо жетишкен өнөрлөрүн да көрсөтүштү. Атайын көргөзмөнүн катышуучулары үчүн ашпозчу кесме жасап жатты. Кытайлык ашпозчунун айтымында, камыр жука жана үзүлбөй жайылыш үчүн көпкө жууруу керек. Анын жайылган камырлары бирдей тегиздикте жана аябай ичке болгону конокторду суктандырды.

Белгилей кетсек, көргөзмө 3 күнгө созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
realmadrid32
2016-07-29 15:27:15
Мыкты товарлар...
Кытай м-н мыкты бири-бирине жат нерселер.
0
DNurgiza
2016-07-29 15:42:30
биринчи кудайга ырахмат....экинчи кытайга ырахмат дептир го...
+1
KGstan1981
2016-07-29 16:53:49
Ошентип аста секин кытайлар тымызым Кыргызстанды колго алып жатышат.Ким билет айткылачы азыркы кезде Кыргызстанда канча кытайлар жашашат милионго жетип калышса керек.Супер Инфо маалыматыныздар болсо жазып коюнуздарчы сиздерден сураныч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан