Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылынын Алтын-Булак жергесинде "Элет керемети" фестивалы орун алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 1-августта билдирди.
"Мындай иш-чара биздин айылда алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Бул иш-чаранын максаты -айылдагыларды биримдикке чакыруу. Ошондой эле унутулуп бара жаткан элдин салттарын жаш муунга өткөрүп берүү максатында уюштурулду. Андан сырткары биздин жерлерге туристтерди кызыктыруу да болду", - дейт фестивалдын уюштуруучусу Анара Дубанаева.
"Мага фестиваль жакты. Тоолордун курчоосундагы жаратылышта кыргыз элинин тарыхынан көп нерсени билип, салттарын көрүп, оюндардын катышуучуларына жан тартып, улуттук тамак-аштардан ооз тийдик", - дейт Израилден келген Арье Пелед.
Фестиваль 700дөй адамды чогултуп, алардын арасында Израилден, Австриядан, Орусиядан, Германиядан келген 50 турист бар болгону маалым болду. Кээ бирине иш-чара жаккандыктан, боз үйлөр шаарчасына бир нече күнгө калышты.