Саламаттыкты сактоо министри көчөлөрдө сатылган дарыларды албоого чакырды

Бүгүн, 1-августта саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев министрликтин 6 айлык жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынына катышууда.

"Өткөн жылдын жыйынтыгы менен ымыркайлардын өлүмү боюнча башка алдынкы өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүнөн төмөн көрсөткүчтөбүз. Мындан сырткары кургак учук менен ооругандарга жумуш берилбей, жакындарынан алыс кармалып, коомдон четтеп калышты. Ар бир адам аталган оору менен ооруп калышы мүмкүн. Ошондуктан аларга аяр мамиле жасоо керек. Биздин министрлик абакта жаткан бейтаптарды дарылоо иштерин да жүргүзүп жатат. Учурда кадрлардын жетишсиздигин камсыздоонун аракетиндебиз. Саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрдык жетишсиздикти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен чечүүнү колго алабыз", - деди министр.

Ал эми министр курулуш тармагында 2007-2008-жылдары жазылган долбоорлорду кайрадан карап жатканын айтты. Мындан сырткары жакында кыргыз-түрк ооруканасынын курулушу башталып, ал Түркиянын "Тика" курулуш компаниясы аркылуу курулуп жатканын белгиледи.

Балдарды жана энелерди коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев: "Эне менен баланын өлүмүн төмөндөтүү боюнча айтсак, 2014-жылы 82 эне каза болсо, 2015-жылы алардын саны 62ге азайган. Саламаттыкты сактоо министрлиги энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кызматкерлерибиз аркылуу көзөмөлдөп жатат. Жалпы коомчулук медицина кызматкерлерине таштап койбой, бул көйгөйгө жалпы эл каршы турушу керек", - деп кошумчалады.

"Айрым адистердин жемкорлугуна байланыштуу биздин министрликтин аты булганып жатат. Акча алуу - кылмыш. Эгерде жемкорлук кылган болсо, жазасын алыш керек. Такталган маалымат болсо, кызматтан алууга чейин барабыз", - дейт министр.

"Жарандарды сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо оор маселе болуп жатат. Бүгүнкү күндө ар бир адам чет өлкөдөн дары алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мен жалпы элди көчөлөрдө сатылган дарыларды албоого чакырам", - дейт Батыралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан