Айдоочунун күбөлүгүндөгү ката үчүн аны алмаштырууга кайра акча төлөө туура же туура эместигин тактап берүүнү окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу суранды.
"Мен 2012-жылы 15-августта айдоочулук күбөлүк алгам, бирок кайсы мөөнөткө чейин жарактуу экенин жазбай коюшуптур. Кийин барсам, акча сурашкан. Москвада бул күбөлүктү жаратпай жатат. Ал эми алмаштырайын десем, 6 миң сом сурап жатышат. Ушул туурабы?" - деген суроо салды окурман.
Суроого Мамлекеттик катттоо кызматы жооп берди:
"Мамлекеттик каттоо кызматы 2015-жылдын июнь айынан баштап, жол кыймылы жөнүндөгү Вена конвенциясынын талабына ылайык, мөөнөтү көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүгүн бере баштаган. Айдоочулук күбөлүк 10 жылга берилип, күбөлүктүн ээсинин маалыматы англис тилинде да коштолууга тийиш. Бул жаңычылдык Орусия, Казакстан өлкөлөрүнүн аймагындагы эмгек миграциясында жүргөн жарандарыбызда болгон айрым маселелерди чечүү максатында киргизилген. Ал эми суроо берген жаран айдоочулук күбөлүктү 2012-жылы 15-августта алган экен. Ал учурда мөөнөтү көрсөтүлбөгөн эски үлгүдөгү күбөлүк берилген жана ал күбөлүктөрдү азыркы учурда да колдонууга болот. Сөзсүз түрдө алмаштыруу керек деген талап жок. Айдоочулар өз каалоосу менен алмаштыргысы келсе, эч кандай сынактан өтпөстөн, төмөнкү документтердин негизинде алмаштырып алса болот:
1) паспорт ID-карта;
2) транспорт каражатын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде түзүлгөн белгилүү үлгүдөгү арызды толтуруу (департаменттин кызматкери тарабынан толтурулат);
3) айдоочунун транспорт каражатын башкарууга карата жарай турганын аныктаган медициналык маалымдама; (№083 үлгү)
4) айдоочунун карточкасы;
5) айдоочулук курсту аяктагандыгын тастыктаган күбөлүк.
Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн баасы 12 евро турат.
Ал эми 6 миң сом сураган факт боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын ишеним телефонуна чалып коюуңузду суранабыз. Мамлекеттик каттоо кызматынын ишеним телефону: (0312) 62-41-40".
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.