Кыргыз мамлекетинин аймагында жашабаган этникалык кыргыздар өлкө аймагындагы ЖОЖдорго 15-16-август күндөрү сынак тапшыра алышат. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сынак бул күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын имаратында орун алат. Анда негизги документтерден аттестат жана паспорт талап кылынат.