Социалдык тармактардын биринде жүргүзүлгөн фотосынактын катышуучусу сазда жасалган сүрөттөрү менен интернет ааламында популярдуу болууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Аталган социалдык тармакта "Столбнякты (тарамыш тартышып зыңкыйып калма оорусу) кантип жолуктурдум?" аталышындагы миллиондон ашуун катталган колдонуучусу бар белгилүү баракчада июнь айында сынак жарыяланган. Сынактын шарты боюнча катышуучулар өзгөчө жайларда кызыктуу, кайталангыс, өзгөчө сүрөттөрдү жасашы керек болгон. Биринчи орунга Кыргыз жерине саякаттоо же 15 миң рубль коюлган. Сынактын жыйынтыгы бүгүн, 1-августта жарыяланат.
Катышуучулар түрдүү жайларда: өлүк сактоочу жайда, бети айнектүү муздаткычтарда, абадагы учакта, электр отургучтарында сүрөткө түшүп, жүктөп башташкан. Орусиянын Челябинск облусундагы бир тууган Алексей жана Игорь Назаровдор сынак үчүн сазда фотосессия уюштурушкан. Андагы бир нече сүрөттөрдө классикалык костюм кийип, кеңседе отурган адамдын образы чагылдырылган. Алардын айтымында, сүрөткө түшүү 10 мүнөттөй гана убакытты алып, көп деле кыйынчылык жаралган эмес.
Мындай кызыктуу фотосессия интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынып, сүрөткө түрдүү комментарийлерди жазып башташкан.