ЭЛДИК КАБАР: Алай районунун Сары-Могол айылындагы Тулпар-Көл жайлоосунда улуттук фестиваль өттү
Кечээ, 31-июлда Алай районунун Сары-Могол айылындагы Тулпар-Көл жайлоосунда улуттук фестиваль өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Алай районунун Сары-Могол айылынын ыйык деп эсептелген Тулпар-Көл жайлоосунда туристтердин колдоосу менен улуттук фестиваль өттү. Ага 100дөн ашуун чет элдик туристтер келип, кыз куумай, ат чабыш, улак тартыш, эр оодарыш өңдүү улуттук ат оюндарына күбө болушту. Оюндардын жеңүүчүлөрү сыйланышты. Ошондой эле токулгалуу топоздор, комдолгон жасалгалуу төөлөр көрсөтүлүп, уз айымдар өздөрүнүн буюмдарын сатышты", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.