ЖЫЛНААМА, 1-АВГУСТ: Актриса Рахат Божокоева өздүк майрамын үй-бүлөсү менен тынч майрамдоону чечти

Бүгүн, 1-августта актриса, фотомодель, телеалпаруучу Рахат Божокоева өздүк майрамын белгилеп жатат. Актрисаны туулган күнү менен куттуктап, байланышка чыктык. "Куттуктаганыңыздар үчүн чоң рахмат! Бүгүнкү күн кадимки күндөрдүн бири катары өтүп жатат. Майрамдоо тууралуу план деле жок. Үй-бүлөм, жакындарым менен эле чакан майрам уюштуруп коёбуз", - деди ал.

Ошондой эле буга чейин көп эле шаңдуу туулган күндөрдү өткөргөнүн айтат: "Буга чейин дос-курбуларым менен туулган күндү шаңдуу майрамдачубуз. Бул жылы негедир үйдөгүлөр менен тынч майрамдоону чечтим. Инстаграмдан тынбай куттуктагандар болуп жатат", - дейт Божокоева.

1-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан