Бүгүн, 2-августта ырчы Съездбек Искеналиев 36 жашка толду. Өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, туулган күнүн үй-бүлөсү, жакындары менен белгилеп жатканын айтты.
"Бүгүн жубайым Жаркынайдын да туулган күнү, андыктан үйдө кош майрам. Жыл сайын ушул күнү туулган күндү шылтоолоп көлгө кетип калчубуз. Бул жылы күн бир аз суук болгондуктан барбай калдык. Өзүм ызы-чуулуу майрамдарды көп жактыра бербейм. Ошол үчүн бул ирет үй-бүлөм, жакындарым менен үйдө эле болууну чечтик", - деп билдирди ырчы.
Съездбек Искеналиев 1980-жылы 2-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында туулган. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыл кыяк бөлүмүн бүтүргөн. Ырчы "Селки" ыры менен чыгып, атактуулукка жеткен. Ырчылыктан тышкары тасмаларга тартылып, режиссёр катары да өзүн сынап келет. Кино тармагында алгач "Боз салкын" тасмасындагы Мураттын ролун жараткан.
2-августтун жылнаамасы.