Япониянын тышкы иштер министри Фумио Кисида Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы өзгөчө экономикалык аймакка түшкөнүн айтып: “Бул бир эле Японияга эмес, бүтүн дүйнөгө болгон олуттуу провокация жана аймактагы коопсуздукка коркунуч келтирет”, - деди.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Түндүк Кореянын миң чакырым алыстыкка учуучу баллистикалык ракетасы Японияга жетип, Акита префектурасынын Ога аралынын батыш тарабындагы өзгөчө экономикалык аймагына түшкөн.
Түндүк Корея баллистикалык ракетасын Хванхэ-Намдо аймагынан таң эрте чыгарганын Түштүк Кореянын күч органдары билдиришти. Ал эми Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ: "Бул окуя кечирилгис жана биздин коопсуздугубузга чоң коркунуч туудурат", - деп билдирип, Улуттук коопсуздук кеңешинин чукул чогулушун жарыялады.
Эске салсак, Түндүк Корея быйыл БУУнун Коопсуздук кеңешинин тыюу салганына карабай баллистикалык ракеталарды сыноону бир нече жолу өткөргөн.