Бишкек-Стамбул каттамы аркылуу Түркияга мыйзамсыз учууга аракет кылган кыргыз кыз кармалды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, 3-августта "Манас" аэропортунан 1991-жылы туулган Б.А. аттуу жаран башка жаранга таандык паспорт менен кармалды. Анын билдиришинче, паспорт өз эжесине таандык болгон. Ал Түркияга жумуш издеп бараткан. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.