Олимп оту Рио-де-Жанейро шаарына жеткирилди. Бразилия курамасынын жел кайык спорту боюнча жети катышуучусу Олимп отун жээке алып келишти. Аларды шаар мэри Рио Эдуард Паэс аялы Кристин, балдары Бернарду жана Изабелла менен тосуп алды.
Мэр факелди жандырып, бир нече мүнөт жүрүш жасады. Андан соң ал эстафетаны спорттук окуу жайдын 15 жаштагы студенти Ребеке Мораэс душ Сантоско өткөрүп берди.
Эске салсак, Олимп оту 2016-жылдын 3-майынан баштап Бразилиянын бардык аймагында "саякат" жасап, 5-августта Олимпиаданын ачылыш аземине карата шаарга алынып келди. Олимп оту Бразилиянын 300дөн ашуун ири жана чакан шаарларын "кыдырды".
Ушуга утурлай эле убактылуу кызматынан четтетилген Бразилиянын президенти Дилма Руссеффти колдогон коомдук уюмдар Олимпиаданын ачылыш аземи учурунда чоң митингге чыгышарын билдиришти. Каршылык акциясы эртең, 5-августта “Маракана” стадионуна жакын жерде өткөрүлөт.
“Бразилия жумушчу класс жетишкен тарыхый жеңиштерди жок кылуу учурун башынан өткөрүүдө. Мишел Темер Дилма Руссеффке жана демократияга карата төңкөрүш жасады. Жарандарды социалдык укуктарынан ажыратууда”, - деп “Эр жүрөк элдин фронту” коомдук уюму билдирди.
ХХI Жайкы Олимпиада Бразилияда 5-21-август аралыгында өтөт. Бул Түштүк Америкадагы биринчи Олимп оюндары болуп эсептелет.