Баткен шаарында 6 ай ичинде жалпы 203 жолбун ит атылды. Бул үчүн Баткен шаардык мэриясынан 40 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта SUPER.KG порталына Баткен облустук администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Алимбек Матмуратов билдирди.
"Шаардагы топтошуп жүргөн жолбун иттерди атуу буга чейин да уюштурулуп келген. Бүгүн шаардык мэрия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, милиция кызматы менен макулдашып, жолбун иттерди атууну колго алабыз. Мындан ары шаардыктарга жолбун иттер коркунуч жаратпайт", - деп кошумчалады Матмуратов.