Ош облусунун Алай районунда 4-августта саат 13:46да жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, жер силкинүүнүн күчү 3 баллга жетип, очогу Кара-Киндик айылынан 15 чакырым түштүк-чыгыш, Бор-Дөбө айылынан 25 чакырым түндүк-чыгыш, Нура айылынан 25 чакырым түштүк-батыш тарабында жайгашты. Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жок.