Ош шаарынын Гагарин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жаш балдар бетон аралаштырып, ташып иштеп жатышат. Маалыматты окурман 5-августта WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына жөнөттү.
Окурман бетон жумушу жаш балдарга эмес, чоң кишилерге да оор жумуш экенин айтып: "Балдарга боорум ооруду. Тийиштүү органдар балдардын оор жумушта иштеп жатканына каршы чара колдонушса болмок", - дейт.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.