Борбордогу Свердлов районунун 9 жаңы конушунун көчөлөрүнө шагыл төгүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда Учкун жаңы конушунун Коңур-Өлөң көчөсүндө жолду түздөө, шагыл төгүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан 9 жаңы конуштагы узундугу 7 чакырым болгон 9 жолду оңдоо каралган. Бул иштерди буга чейин жарыяланган сынакта уткан жеке компания жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, оңдоо иштери бир жарым айдан кийин толугу менен аяктамакчы.