2016-жылдын апрелинде Ысык-Көлдө Өзбекстандан кайтарылып алынган 4 пансионаттын биринин кызматкерлери маяна талашы боюнча президентке кайрылышты. Пансионаттын жамаатынын билдиришинче, мекемени улутташтыруудан кийинки маяна боюнча карыздарды төлөп берүү өтүнүчүнө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "пансионаттын мурунку кожоюнуна же сотко кайрылгыла" деген жооп узаткан. "Фонддун мындай жообу легитимсиз, анткени пансионат учурда иштеп жаткан мекеме. Ошол мекеменин айлыктар боюнча карызы болууда. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары боюнча өз убагында төлөнбөгөн айлыктарга туум кошулуп эсептелиши керек. Биз эч кандай кошумчасы жок маянанын өзүн гана талап кылып жатабыз", - деп айтылат маалыматта.