Мындан 54 жыл мурун 1962-жылы 5-августта америкалык киноактриса жана ырчы Мэрилин Монро каза болгон. АКШнын секс-символу Мэрилин Монро (өз аты – Норма Жин Бейкер) Калифорния штатынын Брентвуд шаарында өз үйүндө 36 жаш курагында көп өлчөмдөгү уйку дарысын ичип алып каза болгон.
1944-жылы болочок актрисанын фотомоделдик карьерасы башталган. 1950-жыл Мэрилин үчүн жемиштүү жылдардан болуп, 5 кинотасмада роль жараткан. Ал тургай мурда “сени биздин киностудиядан көргүбүз келбейт” деп кууп жиберген “20-кылым – Фокс” кайрадан роль сунуштаган. 1953-жылы Мэрилин Монро айтылуу “Жигиттерге сары чачтуулар жагат”, “Кыздардын эң жакын курбулары – бриллианттар” деген тасмаларда башкы ролдорду ойногон.