Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайы жаңыланды

Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайы оңдоодон өткөрүлүп, кайрадан колдонууга берилди. Чүй ОИИББинин маалымат кызматы 6-августта кабарлагандай, оңдоо иштери Ички иштер министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин стандарттарына ылайык жасалып, медициналык бөлмө, камералар, жарандарды кабыл алуучу жайлар жаңыланды. "Жарандарды убактылуу кармоо жана аларга медициналык кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртууга дагы бир кадам жасалды. Бул иштер укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында жүрүүдө", - дейт Жайыл РИИБинин жетекчиси Раад Мырзаканов.

Ал эми аталган райондун Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Айнура Имашева убактылуу кармоочу жайга келген ар бир жаран милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтөрүн, жугуштуу ооруларды таратпоо үчүн атайын дарыланарын кошумчалады. Маалыматка таянсак, аталган мекеме акыркы жолу 1994-жылы капиталдык оңдоодон өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2016-08-06 17:43:01
Жаныланганы го жакшы, бирок ал жерге барууну эч кимдин башына салгылык кылбасын Кудайым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан