Бишкек мэриясы шаардагы 42 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүүгө киришет. Долбоорду ишке ашырууга багытталган протоколго мэрия менен Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан кол коюлганын шаар бийлиги бүгүн, 6-августта маалымдады. Оңдоло турган жолдордун жалпы узундугу 95 чакырымды түзөт. Ал эми долбоорду ишке ашыруунун биринчи фазасына 481 миллион юань бөлүнүп, оңдоо иштери кытайлык компаниялар менен биргеликте жүргүзүлөт. Кытай тарап Кыргыз жерине жол куруу боюнча инженерлерди да жибермекчи.
Долбоорду ишке ашыруу боюнча тендер жакын арада жарыяланып, курулуш иштери 20-августтан кийин башталат. Жолдун курулуш сапатын, иштин жүрүшүн, коопсуздукту кыргыз-кытай биргелешкен комиссиясы жүргүзөрү белгилүү болду.