Баткен облусунун башчысы Абиш Халмурзаев айтылуу Зардалы айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, айылда туруктуу 28 кожолук же 128 адам жашаганы менен, эрте жазда калктын саны 1500 кишиге чейин көбөйөт. Себеби айыл өкмөттөгү жашоочулардын жайыттарынын көбү Зардалыда жайгашкан. Ошондуктан жаздан кеч күзгө чейин 3 миң бодо мал, 20-30 миң кой-эчки Зардалынын жайыттарында болот.
Облустук администрациянын маалыматына таянсак, Зардалынын Шудман тилкесинде жайгашкан ден соолукту чыңдоочу "Жылуу-Суу" профилакториясына келген эс алуучулардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Жай мезгилинде өлкөнүн ар кайсы аймагынан 3 миңге жакын киши келип дарыланат. Жолугушууда Халмурзаев айылдын инфраструктурасын оңдоого, жолду оңдоо жана электр энергиясын жеткирүүгө жергиликтүү бийлик аракет кыларын, келечекте Зардалыны туристтер кызыга турган жерге айлантуу зарылдыгын айтты.