ЭЛДИК КАБАР: Кочкор районунда унаалар жай жүрсүн деп коюлган дөңсөөлөрдү айыл тургуну казып салды

Кочкор районунун Исакеев айылындагы Исакеев көчөсүнө коопсуздук үчүн коюлган жол дөңсөөлөрүн айыл тургуну казып салды. Маалыматты 6-августта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Анын айтымында, бул дөңсөөлөр мектептин жанына атайын коюлган.

"Бир жыл мурун автоунаа катуу баратып аварияга учурап бир адам каза болгондон кийин орнотулган эле. Эми ал жерден өткөн окуучуларга кооптуу болуп калды. Дөңсөөнү Куку аттуу тургун казып салган. Эмнеге казып салганы белгисиз. Айылдыктар айтып-айтып, акыры унчукпай калышты. Айыл башчыбыздан болсо дайын жок. Мындай иштерге бирөө-жарым чара көрөбү?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
nur123456
2016-08-07 15:15:30
Туура ансыз деле биздин жолдо катуу айдай албайсын
0
Tentek1
2016-08-07 15:19:36
Ушул донсо абдан бийик болчу кышында байкабай отуп машинамдын алдын катуу уруп алгам болчумун,ал жерде белги да жок болчу,кичине бир аз ылдылайтып койсо жакшы болмок.
0
nurkasym-2014
2016-08-07 15:32:54
Эми ушул донсону коюп атканда ошол жердеги жашоочулар карап койюшса болот эле да.Ото бийик кылдырбай койдуруп алышса болот эле да.
+1
ayildik_kiz
2016-08-07 16:24:16
Ал киши дагы бул нерсени айласыздан кылгандыр.Менин уйум да мектептин жанында ушундай донсоонун айынан тун жарымда комурго тонналаган жугу бар камаздар откондо жер титирегендей боло берет.Жол боюндагы уйлордун баарынан жарака кеткен.Мен дагы сурдуруп салсам,кайра куруп коюшуптур...
-1
MAKALAK
2016-08-07 17:19:08
куку чуку болуптур да
+1
mikoo
2016-08-07 19:08:36
Кантип эле бир кишиге ошончо айылдыктардын кучу жетпей калдыбы?!!
0
ruslanz
2016-08-07 19:09:30
Эмне каалаган эле кишилер мамлекетин мулкун талкалай береби. Кукунун крышасы жакшы го. Негизи ото бийик кылбаш керек.
0
mikoo
2016-08-07 19:13:57
Эх кочолор асфальт болсо да проблема болбосо да проблема,бирок ар бир школдун алдында андайлар болуш керек да..
0
nurchik05
2016-08-07 19:20:36
Бул закон трудно койулуш керекго цементтен эле ар жерди донсо кыла бербей бийиик кылып койушат машиненин туйу тие Турган кылып
0
beka.1994.a
2016-08-07 21:40:39
Эмнеси болсо да Куку баш болуп жайылган койчо эркин оттоп калыпсынар. Каап ата...
0
beka.1994.a
2016-08-07 21:41:51
Бул эми озум билемдик чынында
0
Muttlu
2016-08-07 22:02:42
Мындай дөңсөөлөргө жетпей жүргөн айыл,шаар, көчөлөр канча....
0
kochkor.siti
2016-08-08 00:20:21
Ким жонотсо дагы корбой калыптырсынар башка жагын. И[moderated]ев кочосундогу дагы бир донсоону эчак эле казып койгон.
0
Roman90
2016-08-08 01:04:58
Башында ойлонуп иш кылышса болмок экен билбегендер салып койсо керек ойдо кылып
0
Aselya_9105
2016-08-08 03:24:21
Казып салууга эч кандай акысы жок эле бу Куку мырзанын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан