Кыргыз жеринде "Айыл чарбаны каржылоо-4" долбоору боюнча 2016-жылдын 28-июлуна карата 2 миллиард 993 миллион 562 800 сом суммасында 8389 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди. "Айыл чарбаны каржылоо-4" долбоорунун максаты - жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу республиканын ишкер жарандарына жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо", - деп билдирди Каржы министрлиги.
Долбоордун алкагында 2016-жылдын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн ишкерлерге насыялар жеңилдетилген пайыздык чендер менен берилет.