Бишкек шаарынын Ленин районунда лотоктор жаңыланып, көп кабаттуу үйлөр сырдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардагы жол четиндеги дарактардын шактары кесилип, тазалык иштери аткарылууда. Жалпысынан 21 имарат сырдалып, айланасы иретке келтирилет.
"Чыңгыз Айтматов жана Манас кең көчөлөрүндө турак үйлөрдү, имараттарды сырдап, шаарды иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Эскилиги жетип калган лотокторду жаңылап жатабыз. Алдыда түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык жолугушуулары өткөрүлөт, ошондуктан шаарда ушул сыяктуу жумуштар аткарылып жатат", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.