Күн бүркөлгөн сайын "Кол чатыр алуу керекпи же жокпу?" деген ой көчөгө чыгып жатканда ар бир адамды түйшөлтөрү шексиз. Эми мындай ой менен адамдар эки анжы болбой эле койсо болот экен, себеби япониялык өндүрүүчүлөр аба ырайынын кандай болорун алдын ала айтып бере ала турган кол чатырларды иштеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Инновациялык гаджет "Jonas" деп аталат. Мындай аталыш 18-кылымда алгач ирет жаан-чачында кол чатыр колдонгон британиялык ойлоп табуучу Жонас Хенвейдин урматына аталган.
Кол чатыр атайын кубаттагыч менен иштейт, атайын орнотулган жарык бергичи бар. Ошондой эле кол чатырды силкүүдө таасир көрсөтүп, оордук күчүн билдирген сенсору бар.