Кочкор районунун Исакеев айылында унаалардын жай жүрүшү үчүн атайын коюлган жолдогу дөңсөөнү казып салган жергиликтүү жашоочуга чара көрүлө элек. Бул тууралуу бизге 8-августта аталган айылдын башчысы Майрамбек Таласов билдирди. "Куку Жумалиев деген жергиликтүү тургун дөңсөөнүн бир унаа бата тургандай жерин казып салыптыр. Мен жаңы эле көрдүм. Маселени айыл өкмөткө киргизем, талкуулайбыз", - деди айыл башчысы.
Буга чейин жергиликтүү тургундардын бири SUPER.KG порталына кайрылып, жолдогу дөңсөө өзүм билемдик менен казылып алынганын, эми мектеп окуучуларына коркунуч жаралып жатканын билдирген эле.
Айылда жайгашкан Большевик орто мектебинин директору Эшим Кадыркулов дөңсөөнүн өзүм билемдик менен алынышын колдобой турганын айтты. "Дөңсөө мектепке бурулган жерде жайгашкан. Менин угушумча, аны бийик болуп, унаалардын түбү тийип жаткандан улам казып салышыптыр. Бирок кандай болгон күндө да аны өзүм билемдик менен казууга болбойт, атайын уруксат алып, балким, бир аз төмөнүрөөк кылып койсо болмок", - дейт мектеп директору.
Аталган айылды карамагына алган Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов аталган дөңсөө 2015-жылы айыл тургундарынын өтүнүчү менен коюлганын айтты. "Жолдун аталган аймагы ылдыйга жантайыңкы болгондуктан, айыл тургундары суранып тоскоолдукту койдурушкан. Балдарга тапшырма берилди, аны казган киши боюнча акт толтуруп жатышат. Бузулган дөңсөөнү 3 күндүн ичинде сөзсүз оңдотобуз, цемент менен болсо да калыбына келтирилет", - деди Исраилов.
Адатта көчөгө асфальт төшөөдө мектеп, бала бакча сыяктуу жайлардын жанына атайын дөңсөөлөрдү коюшат. Негизги максат - коопсуздук. Жогорку ылдамдыкта бараткан унаалар жол жээгиндеги адамдарды сүзүп кетпесин деген сактануу. Бирок дөңсөөлөр бийик коюлуп, унаалардын түбү тийип калган учурлар кездешет. Мындайда айдоочулардын жини келери ырас. Кантсе да мамлекеттин акчасына жасалган ишти өз билемдик менен бүлүндүрүү жакшы көрүнүш эмес.
Жол куруу стандартына ылайык, дөңсөөлөрдүн бийиктиги канча сантиметр болуш керек? Транспорт жана жол министрлигинин билдиришинче, мындай тоскоолдуктардын бийиктиги 5 сантиметрден 7 сантиметрге чейин болушу шарт. "Дөңсөөлөр жөн эле коюла бербейт, бала бакча, окуу жайлардын жанына тийиштүү органдар менен макулдашылып коюлат. Жайыраак өтсө унаанын түбү тийбейт, биздин айдоочулар жай айдабай, болушунча газды басып өтүшөт да", - дешти министрликтен.