Кыргыз-казак чек арасындагы көрүнүшкө нааразы болгон эс алуучу

"Ысык-Көлдө болгон эс алуудан үйгө баратып Кыргыз Республикасы менен Казакстандын чек арасынан өзүмдү сириялык качкындай сездим", - деп башталат казакстандык эс алуучунун блогу. Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн чек ара бекетинен 15 мүнөт ичинде өтүп, Казакстандын өткөрүү бекетинде узак убакыт туруп, аскер лагериндегидей тар, эки жагы тең темир менен курчалган өтмөктөн өткөн.

Чыныгы адамдык эмоциялар менен коштолуп жазылган блогдун негизги суроосу - "Эмне максатта?" Чындыгында эле эмне максатта адамдар өтө турган чек ара бекетинде мындай катуу чаралар көрүлгөн? Божомолдордо "Кыргыз жерине экинчи келбесин", "көзөмөл бекетинде отургандардын ыңгайы үчүн" деген өңүттөгү ойлор жазылган.

Катуу эмоция менен эс алуучу тар, темир тор менен курчалган өтмөктүн ичинде болгон окуяларды сүрөттөп жазган. "Жакында Польшада болгонбуз. Ал жерден аскердик туткундардын концлагерине күбө болдук. Бул жак так эле ошол жерди элестетерин сездим" деп эс алуучу тынчтык учурундагы бир тууган, боордош эки мамлекеттин ортосундагы чек ара бекетин сүрөттөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KASTOR KASYM
2016-08-08 14:15:40
blogdun originalyna ssylka bersener okuili choguu
+2
Jonathan88
2016-08-08 15:06:15
Бул блогер биздин чек арадан 15 минутада отуптурго,өзүнүн аймагында көпкө туруп калыптыр,бизден нараазы болбой,өз өлкөсүнө нараазы болуу керек.
0
abusait
2016-08-08 15:11:01
Чындыкты жазыптыр . чынында эле чек Арада карапайым калк кыйналышат. Озгочо жайдын куну же ызгаардуу кыш кундору кор эле болобуз . Алар коопсуздук учун ушундай шарт кылышкандыр. Бирок карапайым калк мындан жапа чекпеши керек деп ойлойм.
+2
raiana53
2016-08-08 15:22:10
эн туура жазган мен да нааразымын казак чек арачыларга озубуз жактан тыынч эле отобус казактарга келгенде башталат баляянын баары текшермей суйлошмой очередь кармамай отконкусундо катуу урушуп кеттик ар бир откон сайын эле текшере бересинерби сурака алып деп
+3
tyka
2016-08-08 15:56:01
Эн Туура айтат! Казак туугандардын чек арачылары кенебейт да кезекте канча адам турат Аларга эн башкысы жумушунун убактысы отсо болду!
+3
KaiMak
2016-08-08 16:32:13
tyka,коойсонуз, эртенле казактар жакшы иш кылышсынле казак кыргыз бир тууган деп чыгабыз
-4
raiana53
2016-08-08 17:20:33
KaiMak,сендейлер деп чыгат азабын тарткандар мага окшоп девейт
+1
BarsBaatyr
2016-08-09 07:39:12
Казактар (копчулугу) Кыргыздарга эч качан жакшылык кылбайт.Татар менен дос болсон ай балтанды ала жур деген макал азыр казактарга айтылчу соз болуп калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан