Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Сот приставдары жөнүндө" мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кабыл алынган мыйзам көз карандысыз соттордун кадыр-баркын бекемдөө жана ишмердигин камсыздоо, сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана адилет сотту ишке ашырууга байланыштуу судьяларга жана сот процессинин башка катышуучуларына, ошондой эле сот аткаруучуларга карата коркутууларга жана зомбулук аракеттерине жол бербөө максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 270-беренесине ылайык, сот приставы сот процессинде тартипти камсыз кылат. Төрагалык кылган адамдын буйруктарын жана мыйзам тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарын аткарат. Сот приставы жөнүндөгү бул жоболор 1999-жылы 30-июнда кабыл алынган, бирок мыйзамдын бул талабы каражаттын жоктугунан бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келген.
Бүт республика боюнча сот приставы институтун ишке киргизүү маанилүү болуп саналат. Анткени 2005-жылдын апрель-июнь айларындагы окуялар боюнча 2010-2013-жылдардагы сот процесстери судьялардын, жактоочулардын, күбөлөрдүн жана сот процессинин башка катышуучуларынын соттолуучулар менен жабыр тарткандардын жактоочуларынын зомбулугу жана өзүм билемдиги алдында коргоосуз экенин көргөздү.
Коргоо кеңешинин 2011-жылдын 22-январындагы чечиминин негизинде өкмөткө Жогорку Сот менен биргеликте сот органдарынын имараттарын коргоо, сот жыйындарын өткөрүү жана судьялардын ишинин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар комплексин жүргүзүү тапшырылган.
Сот приставы – мамлекеттик кызматта турган жана мыйзам жүктөгөн милдеттерди аткарган кызмат адамы. Сот приставы бийлик өкүлү болуп саналат жана кызмат милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болот. Сот приставдарынын ишин каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен камсыздалат.
Мыйзам расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.