Ысык-Көлдө ышталган балык саткандар күн сайын 30га жакын балык сатып, 7 чакырым жол басышат. Бул тууралуу 8-августта SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун, балык сатуучу Чынара Тыналиева айтып берди.
"Балыктарды дүңүнөн сатып алабыз. Алар бизге Орусиядан тоңдурулуп алынып келинет. Анан өлкөбүздө туздалып, ышталган соң Ысык-Көлгө алып келишет. Биз ар бир балыкты 60 сомдон сатып алып, ага 10 сом кошуп сатабыз. Күн сайын 25-30 даана балык сатабыз. Айрым убактарда бир күндүк кирешебиз 600-700 сом болот. Кээде 1000 сомго чейин киреше тапкан учурлар кездешет, бирок мындай көрүнүш дайыма боло бербейт", - дейт Тыналиева.
Мындан сырткары Ысык-Көлдүн жээгинде Соң-Көлдөн алынып келинген балыктар сатылат. Алар майда болгону менен, Орусиядан алынып келинген балыктарга караганда 30 сомго кымбат. Мындан улам Соң-Көлдөн алынып келинген балыктардын 5 даанадан байланган топтомуна 50 сом кошулуп сатылат. Баасы 200 сом, ал эми көлөмдүү балыктар 500 сомдон 700 сомго чейин.
"Көл жээгинде балык сатып жашоосун өткөргөндөр көп. Атаандаштык абдан күч, бирок бизде аймак-аймак болуп жерди бөлүп алмай жок. Ар ким каалаган жерине барып, кыдырып сата берет. Бизге окшогон жашы улуу аялдар узакка басуудан чарчап калышат. Ал эми жаш келиндер жүгүрүп жүрүп жакшы соода кылышат", - дейт Дилдекан Сагынбаева.
Ысык-Көл облусунун жашоочулары жайкы туристтик сезондо соода иштери менен алектенип, киреше табышат. Айрымдары балык сатса, кээ бири өз убагы менен жүгөрүнү сууга бышырып сатат. Ал эми дагы бири өрүк бышкан маалда чакалап өрүк терип, адамдар көп өтүүчү жол четинде соода кылышат. Жашоочулар жайкы туристтик үч ай аралыгында кышкы чыгымдарын камдап алышат.
Көл жээгинде жүгөрүнүн баасы көлөмүнө жараша 40 сомдон 50 сомго чейин бааланат. Эс алуучулар сууга бышкан жүгөрүнү сатып алууга басым жасашат. Анткени, адистердин айтымында, сууга бышкан жүгөрү адамдын организмине пайдалуу келет.
Кээ бир үй-бүлөлөр жол жээгине ашкана куруп, тамак бышырып сатуу менен алек болушат. Ысык-Көлдүн жээгин кыдырып жүрүп, түрдүү жумуш менен алектенип жаткандарга күбө болдук. Балык саткандарга улай ар түрдүү көлөмдө жасалган курут саткандар да арбын экенин байкоого болот. Сатуучудан сурап куруттун бааларын билдик. Кичине көлөмдөгү куруттун баасы 10 сом, ал эми чоң көлөмдүү курут 20 сомго чейин бааланат экен. Ал эми ошол эле көлөмдөгү куруттар Бишкек шаарында 5 сомдон 10 сомго чейин сатылат.
Мындан сырткары эс алуучуларга атайын жатакана уюштуруп, көл жээгине боз үй тигип алгандарга да күбө болдук. Боз үйдө бир күн түнөө бир адамга 100 сом. Боз үйдө эс алуучуларга акчасына жараша шарт каралган. Атайын жуунуучу жайлары жана тамактануучу ашканасы жок.