Зардалы айылына унаа каттамы ачылды

Зардалы айылына унаа каттамы ачылды. Бул тууралуу 8-августта Кара-Бак айыл өкмөтүнөн билдиришти. Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө Зардалы айылына унаа каттамы ачылып, айылга баруучу жолду оңдоп-түзөө иштери бүттү. Жолду оңдоп-түзөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, 870 литр күйүүчү май, 1 даана техника бөлүнүп берилген. Кашка-Суу дарыясынан жана Күйөө-Келди сайынан өтүүчү көпүрө ашар жолу менен салынып, учурда жергиликтүү калк унаа каттамы менен жүрүүдө. Мурда маалымдалгандай, эл өзү жасаган көпүрө учурда колдонулбайт.

Ал эми Данги аймагындагы Сох дарыясынан жөө өтүүчү көпүрөгө ӨКМ тарабынан курулуш материалдары бөлүнүп берилип, учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kg_boy__91
2016-08-08 17:44:30
Аллах раазы болсун
Эми зарыл ишин болбосо дагы зардалыга барат экен да
+3
Aygir
2016-08-08 20:19:05
Зарыл ишин болбосо Зардалыга ХХХ барбы
-6
doni89
2016-08-08 23:06:52
Aygir,Сиздин зарыл ишиңиз болбосо Башка бирөөнүкү бардыр....ошол үчүн жол салынып жатат....адамдык сапатынызды жоготбой жакшы пикириңизди калдырсаз болмок....жакшы ой пикириниз жокбу жазбай эле коюңуз....жогорудагы жаман сөздөрдү жазбай.
-2
Aygir
2016-08-08 23:25:10
doni89,э токой,Элдик макалды айттым
0
doni89
2016-08-09 03:16:43
Aygir,андай элдик макал жок болуш керек, ал өзүңүздүнле макалыңызго))
-1
admin_portal
2016-08-09 12:25:22
Aygir, этика нормаларын сактаңыз!
0
Begimkyz
2016-08-08 21:20:03
жакшы, жакшы.
0
expert.007
2016-08-08 21:27:46
Эң сонун жаңылык.
0
taiyr
2016-08-08 23:20:25
соонун эн жакшы иш болуптур алла ыраазы болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан