АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун бутуна араң туруп турганы жана аны эки адам жөлөп үйгө киргизип баратканы 8-августта интернеттеги социалдык тармактарга тарады.
Дүйнөлүк ММКлар шайлоочулардын ой-пикирлери экиге бөлүнгөнүн айтып, бир тарабы адамдын оорусун курал кылуу болбой турганын айтышса, экинчи тарап Клинтондун президенттик жарыштан чыгуусун талап кылууда.
Мындан тышкары социалдык тармактардын колдонуучулары бул сүрөттөн кийин Хиллари Клинтондун жөтөлүп жаткан сүрөттөрүн чогултуп коллаж жасап, социалдык тармактарга чыгарып жатышат.
Сүрөттөрдөн тышкары экс-мамлекеттик катчы айымдын психикалык ден соолугу тууралуу суроо койгон видео тарады. Видеодо Хилларинин берген маектериндеги түшүнүксүз кыймылдар жана кол жаңсоолор көргөзүлгөн.