Өлкө боюнча 173,5 миң гектар аянт отоо чөптөргө каршы гербицид дарысы менен дарыланды

Өлкө боюнча 173,5 миң гектар жер отоо чөптөргө каршы гербицид дарысы менен дарыланды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, химиялык жол менен отоо чөптөрдү жок кылуу өткөн жылга салыштырмалуу 97,6 миң гектарга көп. Эң көп дары 65,5 миң гектар жердеги кылкандуу дан эгиндерине чачылган.

"Оорулар менен зыянкечтерге каршы иш-чаралар 161,2 миң гектар айдоо аянтында жүргүзүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 26 миң гектарга аз. Өлкө боюнча эң көп химиялык каражаттар картошка айдалган 52 миң гектарга колорадолук коңузга каршы пайдаланылган. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 31 миң гектарга колдонулган. Ал эми чегирткеге каршы 57,9 миң гектар аймакка химиялык каражаттар колдонулары аныкталды", - деди басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, алдыда Баткен облусунун Лейлек районунда 560 гектар жерге дары чачуу иштери аткарылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан