Диний ишмер Чубак ажы Жалилов Оштогу Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов Оштогу Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта жактоочу Акин Токталиев билдирди.

Жактоочунун айтымында, Чубак ажы Жалиловдун суракка чакыртылышына Ош облусунун тургуну Ашырали Вахидовдун арызы себеп болгон. Анда ал диний ишмердин "Ахмадия" жамааты боюнча айткан терс пикири Юнусжан Абдужалиловдун өлүмүнө себеп болгонун жазган. Мындан улам кылмыш ишин козгоп, чара көрүү керектигин суранган.

Бийлик тараптан ачыктан-ачык саясий куугунтук башталды. Чубак ажы Жалиловдун ой жүгүртүү жана өзүнчө пикирге ээ болуу укугу тебеленип жатат. Аны суракка алыш үчүн 5-август күнү Оштогу Тергөө башкармалыгы чакыруу кагазын жөнөттү. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия “Чубак ажынын сүйлөгөн сөздөрү диний кастыкты козутат” деп эксперттик корутунду чыгарыптыр”, - деди Акин Токталиев.

Ошондой эле ал: "Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизалык корутунду чыгарганга эч кандай укугу жок болчу", - деп кошумчалады.

Айта кетсек, 1978-жылы туулган Юнусжан Абдужалилов 2015-жылдын 22-декабрында белгисиз адамдардын огунан улам каза тапкан.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Бактыбек Осмонов буларга токтолду:

Бизге кайрылуу үстүбүздөгү жылдын 20-январында келип түшкөн. Анда Оштогу Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Чубак ажы Жалиловдун айткан сөздөрү боюнча комплекстүү корутунду чыгарып берүүбүздү суранган. Биз тиешелүү корутундуну 11-апрелде эле чыгарып бергенбиз, бирок анын жыйынтыгы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт”.

Ошондой эле Бактыбек Осмонов жактоочу Акин Токталиевдин “Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизалык корутунду чыгарганга эч кандай укугу жок болчу” дегени негизсиз экенин айтты: “Тиешелүү корутундуну чыгарууга Кылмыш-процессуалдык кодексинин 204-беренеси (экспертизаны эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүү) жол берет”.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, Чубак ажы Жалиловдун суракка чакыртылганын тастыктап, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдиришти.

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов буга чейин УКМКга суракка чакыртылып, интернеттеги баракчасына жазган билдирүүсү үчүн эскертүү алган болчу. Анда ал жума күнкү түшкү тыныгууну 2 саат кылууга каршы чыккан депутаттар менен кол берип учурушпай турганын жана алардын жаназасына барбай турганын айткан эле.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган. Кийин УКМК “ажылыктан түшкөн кирешени салык төлөбөй жашырып койгон” деп кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн. Бирок сот аны актаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (88)
asad345
2016-08-09 14:17:46
Чубак ажын сыйлаган эл турат, мендагы сыйлайм ал учун, акыйкат учун эл менен бийлике каршы чыгууга даярмын
+2
Syper.kelin4ek
2016-08-09 14:36:07
asad345, сен анан ушул сайттан бир сага окшогон 20 киши сыйлайт сенин куйуп бышып аткан чубашканды.
-7
alaibekovich
2016-08-10 20:37:48
Syper.kelin4ek, Кудайдан коркуп суйло оозуна келгенди оттой бербей сен сыйлабасан мен сыйлайм ажыкени. Эртен башына бир балээ кырсык келсе анан эстейсин аалымды кемсинткенинди
+1
asad345
2016-08-09 14:21:19
Бийликтин заказы, Чубак ажы акыйкат суйлогон адам, эн негизгиси эл адамы , эл баштаса, журт башына келсе болмок, мекен учун эл учун иштер Кыргызстан онугуу жолуна тушмок
+2
bek.kgz
2016-08-09 14:42:07
Башка мамлекеттерде болгон сыяктуу эле, бир күнү бизге да Айкөл, Адилеттүү Хан келип баарын казып суракка тартат. 37-38-жылдары репрессияга кеткендер бийликте калганда мекенибиздин абалы такыр башкача болмок. Айтканым айткандар... Жегеним жегендер менен толгон өлкөбүз...
-2
begai93
2016-08-09 14:46:06
Эй ушу силердичи! Ким Аллахымдын адамына асылгандарды баарынды ылайым Аллахым ондурбасын!Кочодо калгыла!ушул Атамбаевге дагы мин наалат! Ошондойлордун оозун жаап койсо болмок каяктагы кочодогулордун!
0
Xanbiyken
2016-08-09 15:03:43
begai93, карганып шиленген адам озу биринчи тозоко тушот аркы жанын куйуп аткан чубашкадан сурасан.
-5
Ibragim06
2016-08-09 14:47:48
Дуа кылалы.Шейх Чубак ажыны Аллахым өзү колдосун.
+1
aash
2016-08-09 14:48:54
Сурака чакырыптырса эмне болот экен? Бир эле корунуш. Динди тушунуп тушунбой эле башка сектага отуп кеткен мекендештерибиз коп эле болуп жатпайбы, акыры сирияга чейин кеттик. Текшерип койуш керек. Ажы болобу, аалым болобу, чиновник болобу... Аль Багдади дагы аалым бирок канча мусулмандардын каны тогулду?
+7
Xanbiyken
2016-08-09 15:09:27
aash, аны бул чуаштын куйгон бышкан кишилери тушунбой эле, иттерче уро беришет.
-5
Labadax
2016-08-09 14:52:20
Чубак ажыны Аллахым колдосун,Чубак ажыга тийишбесенер олосунорбу?Мен Чубак ажы менен,Чубак ажы бар болун.
0
Urmat_83
2016-08-09 14:54:45
Соз учун камаса биринчи президента камаш керек.Таластыктар эле эмес Нарындыктар койсунар деп элди болгону учун
-2
Urmat_83
2016-08-09 15:09:28
Бийликткгилер козунорду ачкыла.Динди силер эмес Ленин менен Сталин дагы тыя алган эмес.Канча кысышты дин жок кыла алышкан жок
-1
ayushka
2016-08-09 15:22:04
Super.kelin4ek менен xanbiyken бир эле адам окшойткоо э, ажы мышыгынарды пыш дедибеле мынча тооба кара ниетсинер силердей адамдын акыркы сорту болгон пенделерге тан каламда кудайым ынсап ыйман берсин силерге
+5
Aidowi
2016-08-09 20:13:30
Agywa,super.kelin4ek,Xanbiyken ахмадийлер окшойт,Чубак ажыга каршы жазганына караганда)))
0
raiana53
2016-08-09 22:06:18
Aidowi,в точку молдес ошону туура айттын
0
orxidey
2016-08-09 22:41:26
Жонгана сурака чакырган ага мынчале куйугосунор бул киши мага жакпайт качан караба аял кишилерди мазактап журот.Дагы баары артынан эрчип аалым дешип ансыз деле элдин баары кудай деп жашайт.
+4
bakulya2015
2016-08-10 09:47:25
Оо,Алла баарыбызга ыйман,ынсап бер
0
bakulya2015
2016-08-10 09:50:27
башка суракка алгыдай адамдары калбаптырбы? Ушул теманы АША эле жаап салса болот койгула эми мындай адамдарга тийбей эле тура тургула,биринчи озубуз кылмыштарыбыз учун суракка алыналы уят бир аз Алладан корколу элдинда созуно кала бербейли дееп.
-2
admin_portal
2016-08-10 10:17:13
Urmat_83, Agysha, raiana53, Labadax, жеке айтышуулар купуяга!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан