Кыргыз жаштарынын I Дүйнөлүк курултайы Ысык-Көл облусунун Тосор айылында өтөт

Кыргыз жаштарынын I Дүйнөлүк курултайы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта “Kyrgyz Union” коомдук бирикмеси, курултайдын уюштуруучулары маалымат жыйынында билдиришти.

Маалыматка ылайык, курултайга 18 жаштан 35 жашка чейинки, коомдун өнүгүшүнө кызыкдар болгон жаштар катышат. "Курултайдын расмий ачылышы 11-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болжол менен 1200 адамдын катышуусунда башталат. Анын негизги бөлүгү Ысык-Көл облусунун Тосор айылында болуп өтөт. Иш-чара жалпысынан 4 күнгө созулуп, курултайдын алкагында спорт жана маданият тармагындагы актуалдуу жана курч маселелер талкууланат. Бизнес жана жаштардын ортосундагы байланышты арттыруу максатында жолугушуулар уюштурулуп, жаштар жана мамлекеттик мекемелер менен болгон карым-катнашты чыңдоо үчүн аракеттер талкууланат", - дешти уюштуруучулар.

“Жаштарды бириктирүү максатында аталган иш-чара өткөрүлүп жатат. Бул балдар менен мен Кытайда болгондо таанышкам. Студент болуп туруп Кыргыз Республикасындагы балдар үйлөрүнө жардам бергенине таң калгам”, - дейт уюштуруучулар тууралуу “Саякбай манасчы” Эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраев.

“Бул иш-чарага жети облустан жана жети континенттен коноктор келишет. Иш-чара аяктагандан кийин курултайда айтылган сөздөр жөн калып калбас үчүн жүз жаш лидердин башын бириктирдик, ал лидерлердин негизги урааны - "сөз менен эмес, иш менен", - деди коомдук бирикменин төрагасы Талгат Молдалиев. Ошону менен бирге курултай өзүнө 4 баскычты камтып, кызыктуу жана натыйжалуу болорун кошумчалады.

“Кыргыз жаштарынын I Дүйнөлүк курултайында иш-чаралар этно түрүндө өткөрүлөт. Себеби чет жерден коноктор келет, биздин оюбузча, бул алар үчүн кызыктуу болот. Мисалы, биринчи блокто манасчылар болсо, экинчи блокто төкмө акындар жана ушул сыяктуу кыргыз манданиятын даңазалаган иш-чаралар өткөрүлөт”, - деп кошумчалады уюмдун Бишкектеги президенти Марсель Ажиев. Маданий иш-чаралардан тышкары сүйлөшүү жана талкуулар уюштурулуп, жаш лидерлер жана бул же тигил тармакта чоң жетишкендикке жеткен спикерлер суроолорго жооп берип, өз кеңешин беришери айтылды.

"Негизинен активдүү жаштардын саясий куралга айлануу коркунучу бар, сиздер саясатташып кетпейсиздерби?" деген суроого уюмдун төрагасы: “Саясий тармактан биз алыспыз. Биз 2010-жылы түзүлгөнбүз. Ошондон тартып көптөгөн шайлоолор болуп өттү, бирок биз бир дагы шайлоого аралашкан жокпуз. 6 жылдан бери саясатка аралашпаган, эми деле андан алыс болобуз”, - деп ишендире айтып кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alidan0104
2016-08-09 13:07:14
Азаматтар! Алга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан