"Кумтөрдө" бир катар салыктык мыйзам бузуулар болгонун 9-августта Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому 2014-2015-жылы "Кумтөргө" пландуу текшерүү жүргүзүү учурунда эч кандай салыктык мыйзам бузуулар табылбаганын билдирген.
Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы "Кумтөр Голд Компани" тарабынан берилген маалымат чындыкка дал келбегенин билдирет. "Кумтөргө" пландуу текшерүү жүргүзүү учурунда бир катар салыктык мыйзам бузуулар аныкталган жана 37 миллион 597,5 миң сом кошуп эсептелген. "Кумтөр" бюджетке жогоруда көрсөтүлгөн сумманы толук көлөмдө төлөп берүү менен табылган мыйзам бузууларды жойгон.