Бишкектин Тыныстанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде дарак кулап, 2 унааны басып калды. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу бүгүн, 9-августта билдирди.
Мэриянын билдиришинче, жабыркагандар жок. Ал эми унаа ээлерине келтирилген чыгымдар төлөнүп берилбейт. "Унаа ээлери унаасын туура эмес жайга токтотуп коюшкан. Туура эмес токтотушканын мойнуна алышты. Ошондуктан чыгымдар төлөнүп берилбейт", - деди мэрия өкүлү.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.