ЭЛДИК КАБАР: "Алайда эшектердин терисин сыйрып, из сууткандарга чара көрүлүшү керек" дейт окурман

Алай районунун Арпа-Тектир айылында эшектер териси сыйрылган абалда табылды. Бул тууралуу окурман бүгүн, 9-августта WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул көрүнүш көптөн бери кайталанып жатат. Кандайдыр бир чара көрүлүшү керек. Айыл эли чоңдордун карабай жатканына нааразы!" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
murat_12
2016-08-09 15:43:42
эми алайга жетиптирда э эшектин терисин сатыш
-4
Bishkek_united
2016-08-09 16:02:12
эшектен откон ХХХ ким кылса... ХХХ ХХХ ХХХ))))
-4
admin_portal
2016-08-09 16:19:21
Bishkek_united, этика нормаларын сактаңыз!
+1
Frunze74
2016-08-09 16:10:56
Бийлик озу эле кылып жатат деп ойлодум. Анткени Тажикстанга канча жылдан бери ташылып жаткан ГСМ контрабандасынын башында бийликтеги беделдуу таасирдуу чиновниктер тургандыктан эч ким эч кандай чара коро алган жок. Эшек бизнесин да ГСМ контрабандасына окшоп канча сайрап-какшаганыбыз менен чара корулбой жатышы, бул эшек бизнесинде бийликтегилердин "колу" бар деп тушунууго туртуудо...
+3
Belek2070
2016-08-09 16:54:53
Терисин сыйрып этин таштап койбой, этин да уйуно алпарып бала чакасы менен жеп алышпайбы. Эми ХХХ болуп эшекти олтуруп терисин сыйрып атат, ХХХ эт ылгап калганбы? Же болбосо уйуно алып кетип ашкандан калганыбы?
-2
admin_portal
2016-08-09 17:01:19
Belek2070, этика нормаларын сактаңыз!
+2
Sema87
2016-08-09 18:02:39
Ужас эшексиз калабыз бул кетиште эшек тарткан арабаны озубуз тартат окшойбуз эми
-2
Agysha
2016-08-09 18:19:34
Ха ха илгерки ата бабалар койдун, уйдун теерисин откозушсо, 21чи кылымдын жаштары эшектин теерисин сатышат уят. Эшекти кимдер соет ошол эле жаныбардан айырмасы жоетор соетта.
+4
salimbek87.kg
2016-08-09 20:41:52
Ушул эшектин терисин сыйрыган адамдар оз олумун Жана акыретин ойлоду бекен суроо туулдуда менде.
0
Nemo_0587
2016-08-09 22:28:04
Бул маселе, аталган айылдын башчысынын эле деңгээлиндеги чечилүүчү иш экен.
-2
nurikkg88
2016-08-09 23:15:19
Эшектин териси бизнеске айланып кетти 100$ алып кытайга ташып атыптыр
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан