ЖЫЛНААМА, 9-АВГУСТ: Италиялык футболчу Филиппо Индзаги 43 жашка толду

Италиялык белгилүү футболчу Филиппо Индзаги бүгүн, 9-августта 43 жашка толду. Ал 1973-жылы Италиянын Пьяченца шаарында төрөлгөн. Профессионал футболчу катары карьерасын 1991-жылы "Пьяченца" клубунда баштаган. Кийин "Леффе", "Верона", "Парма", "Аталанта" клубдарында ойногон. Чабуулчунун карьерасындагы өзгөрүү 1997-жылы болуп, футболчу туриндик "Ювентустун" курамына кошулган. Анын улуттук курамга чакырылуусу да ушул маалга туура келген. 2001-жылы ал "Милан" клубу менен келишим түзүп, 2012-жылга чейин ушул клубда ойногон.

Индзаги Италия курамасынын курамында 2006-жылы Дүйнө чемпиону болсо, 2003-жылы жана 2007-жылы Чемпиондор Лигасын уткан.

2012-жылы карьерасын жыйыштырган футболчу машыктыруучулук менен алектенип келет. Учурда ал "Венеция" футболдук клубунун машыктыруучусу.

9-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан