Кадыр Маликов: “Ахмадия” жамаатынын ишенимдери салттуу диндин ишенимдерине каршы келет"

"Ахмадия” жамаатынын ишенимдери салттуу диндин ишенимдерине каршы келет", - деп билдирди SUPER.KG'ге диний эксперт Кадыр Маликов. Анын айтымында, мындан улам мамлекет тарабынан каттоого алынган эмес. "Муфтият да ал жамаатты туура эмес агым деп тапкан”, - деди ал.

Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан: “Бул жамаат ХIХ кылымдын аяк ченинде Индияда түптөлгөн. Аны жетектеген Мирза Гулум Ахмад аттуу адам башында өзүн “имам Махди”, кийин “Иса пайгамбармын” деп атаган”, - деп билдиришти.

Көпчүлүк ислам өлкөлөрүндө “Ахмадия” жамаатынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бул уюмду мурда каттоого алып, кийин каттоодон алып салган.

Айта кетсек, буга чейин диний ишмер Чубак ажы Жалилов “Ахмадия” жамааты боюнча айткан сөзү үчүн Оштогу Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kyrgyznuru
2016-08-09 18:11:09
Мындай чындыкты коз карандысыз диний ишмерлерден Кадыр Малик менен Чубак ажы эле ачык айтып чыкпаса, калган бийлике коз каранды болгон аалымдар айтып чыгышка духтары жетпейт. Эгер духтары жетсе анда Абдышукур ажы менен Максат ажы да айтып чыгыш керек, себеби бул экоода КР да беделдуу диний фигуралардан болуп эсептелет, ошондо булардында создору отумдуу болуп, Чубак ажыга бир топ женилдик болмок.
+12
Jonathan88
2016-08-09 18:18:28
Кадыр Малик туура айтат,Ахмадия менен Шииттерди кууп чыгуу керек,элдин ишеничин,көз карашын бузат,бизге тее илгерттен Пайгамбарыбыз(С.А.В) калтырып кеткен салттуу динибиз жетет өзү.
+12
Gema
2016-08-09 18:24:38
ушуну айтып чыкчу муфтийибиз каякта журот?!
+8
Belek2070
2016-08-09 18:27:45
Вот вот биздин куч органдары озубуздукулорду текшерип камаганга эле уста, башкаларды камаганга духу жетпейт, ушундай канынды кайнатышат, окубай эле акчанын кучу менен буткон акылдуу баштар.
+7
Partiner
2016-08-09 18:42:35
Азаматсын Малик таксыр.
+6
modern-group
2016-08-09 18:53:33
бийликтин асылганы ушул эле калды эми. тарапташтар чогулуп чубак ажыны бошотууну талап кыла турган кунду коргусу келгендер бардайго.
+5
adilet.sydyk
2016-08-09 20:09:38
Урматтуу админ ушул маселе жонундо КР дин башкы башкармалыгынан малымат алып бере аластарбы ?
+3
Zhenishbek.kyrgyz.2014
2016-08-09 21:04:22
Мындай чындыкты Кадыр Маликов менен Чубак Ажы айтбаса, башкасы түшүнүшбөйт. Эмне болгон жаамат экенин.
+5
munduz2016
2016-08-09 21:07:03
Чындыкты суйлогон адам бийликке эзелтен жаккан эмес.
+7
altyn2015
2016-08-09 22:56:11
Эн туура айткан! Чындыкты ачык айтыш керек.
+3
adilbars
2016-08-10 02:04:48
Муфтияттагылар Чубак ажы сыяктуу ачык айта алышпайт. Себеби камералардан коркушат,кокустан аларды да экинчи-учунчу же иши кылып аялдары менен ар турдуу абалдарда тартып, интернетке чыгарып коюшканынан коркот. Ишенбейт оздоруно, чындап эле тартып алсачы? Андан коро чындык олсун дейт го алар! Эртен ХХХ арыз жазып чыгышса Чубак ажыны дагы чакырат, анан жанагы арсыз деп-ттар жазат! Ушу бизде абал Кыргызым!
+4
admin_portal
2016-08-10 10:13:58
adilbars, этика нормаларын сактаңыз!
0
ERCHOROEV
2016-08-10 04:01:12
Ахмадия жамаатын бир эле Чубак ажы устаз менен Малик дамла эле эмес, буткул дуйно мусулман аалымдары каапыр деп билишет. Себеби булардын тушунугундо Мухаммед САВ катардагы эле пайгамбар мындан кийин да пайгамбар келет деп, Кудай англисче суйлойт деп, ажылыка Меккеге эмес индиянын кадияни деген шаарына барыш керек деп тушунушот. Ошондон улам буларды дуйно жузундогу ислам аалымдары буларды каапыр деп эсептешет. Мусулмандын эн кучтуу куралы бул дуба Устазга дуба кылабыз.Элимде тынчылык болсун амин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан