Алгачкы жолу Голливудда ийгиликке жетишкен испаниялык актёр, көптөгөн кыздардын кыялына айланган таланттуу, сексуалдуу, кыялкеч Антонио Бандерас бүгүн, 10-августта 56 жашка толду. Бүткүл дүйнөгө аны "Төрт бөлмө", "Зорронун бет кабы" тасмалары тааныткан.
"Тасмаларда сексуалдуу мырзалардын образын жаратканым менен, жашоодо аларга жетүү үчүн мага көп бар" деп айтып келет актёр. Шоу-бизнестеги көптөгөн сулуулар менен сүйүү романы бар деп айтылганына карабай Бандерас аялына кыянат кылбай 18 жылдай чогуу жашап, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн. Үй-бүлөсүн сактап калууга болгон күчүн жумшаган актёр аялынын ашыкча кызганчаактыгынан 2015-жылы ажырашып тынган. Азыркы кезде Бандерас банк кызматкери болуп иштеген сулуу Николь Кемпел менен сүйүү мамилесин куруп келет.
Ал эми актёр тасмаларга тартылуудан сырткары мода дүйнөсүнө киришип, өзүн дизайнер катары сынап жаткан кези.
10-августтун жылнаамасы.