"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы кызуу уланып жатат. 10-августка карата көрсөткүчтө медалдардын саны боюнча дагы да болсо Американын спортчулары лидерликти бербей келишүүдө. Алдынкы үчтүктө өзгөрүү болуп, Венгриянын спортчулары Австралиянын спортчуларын 4-орунга түртүп коюшту.
Олимпиадага катышып жаткан 207 мамлекеттин ичинен 47си медаль алганга жетишти. Алардын катарын Кыргыз Республикасы дагы толуктады. Оор атлетчи Иззат Артыков (сүрөттө) 69 килограмм салмакта 1 коло медаль багындырып, эгемендүүлүк тарыхында Олимпиадада ийгилик жараткан 4 кыргыз спортчусунун катарын толуктады.
1. АКШ – 26 медаль (9 алтын, 8 күмүш, 9 коло)
2. Кытай – 17 медаль (8 алтын, 3 күмүш, 6 коло)
3. Венгрия – 6 медаль (4 алтын, 1 күмүш, 1 коло)
4. Австралия – 9 медаль (4 алтын, 5 коло)
5. Орусия – 12 медаль (3 алтын, 6 күмүш, 3 коло)
6. Италия – 9 медаль (3 алтын, 4 күмүш, 2 коло)
7. Түштүк Корея – 6 медаль (3 алтын, 2 коло, 1 күмүш)
8. Япония – 14 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 10 коло)
9. Франция – 6 (2 алтын, 3 күмүш, 1 коло)
10. Таиланд – 4 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 1 коло)
40. Кыргыз Республикасы – 1 медаль (1 коло)