10-августка караган түнү Бразилияда өтүп жаткан "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында кыргыз спортчусу Иззат Артыков 21 спортчунун ичинен 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, бул салмакта алтын медалды Кытайдын өкүлү багындырса, экинчи орунду Түркиянын спортчусу ээледи.
Спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограммды көтөрдү. Спортчунун жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчү 339 килограммды түздү. Бул жыйынтык анын алдынкы үчтүккө кирүүсүн шарттады.