Аскерге чакырыла турган жарандарды өлкөдөн тышка чыгууга убактылуу чектөө Баш мыйзамга каршы келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта маалымат жыйынында Мамлекеттик коргоо комитетинин Аскер башкармалыгынын Жергиликтүү органдар боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Руслан Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, "КРнын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө" мыйзамына ылайык, жарандарга аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу чакыруу комиссиясынын чечими төмөнкү учурларда берилет:
1) үй-бүлөлүк шарттары боюнча;
2) билим алуусун улантуу үчүн;
3) ден соолугунун абалы боюнча.
"Конституцияда жарандардын укуктарынан тышкары милдеттери да белгиленген. Ата Мекенге кызмат кылуу - негизги милдеттеринин бири",- деди Абдрахманов.
Айта кетсек, Мамлекеттик коргоо комитети аскерге чакырыла турган жарандарды өлкөдөн тышка чыгууга убактылуу тыюу салуу боюнча токтом долбоорун сунуштап жатат. Бул токтомдун негиздеме маалыматында “экономикалык абалга байланыштуу республикада түзүлгөн ички жана тышкы миграциялык жагдай каттоодон чыкпай туруп башка аймакка же өлкөдөн чыгып кетип, жарандардын аскердик кызматка чакыруудан качуусуна шарт түзүп жатат” деп айтылган.