Бишкекте Өрткө каршы күрөшүү кызматынын 90 жылдыгына карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы күрөшүү кызматынын 90 жылдыгына карата спорттук мелдеш өткөрүлдү. Cпорттук иш-чарага бардык облустардагы Аймактык өрткө каршы күрөшүү кызматтары катышты.

"Мелдешти өткөрүүдөгү негизги - максат кызматкерлердин шамдагайлыгын, ыкчам аракеттерин арттыруу, кызматкерлердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү. Бул мелдеш жыл сайын уюштурулат. Буга чейин аймактарда өткөрүлүп келген", - деди Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Үсөн уулу Акжол.

Иш-чарада кызматкерлер алгач атайын майрамдык параддан өтүп, андан соң спорттун 5 түрүндө күч сынашты. Алар көп кабаттуу үйгө шаты менен чыгуу, жүгүрүү, тоскоолдуктардан өтүү сыяктуу жарыштарга түшүштү.

Өрткө каршы күрөшүү агенттиги спорттук мелдеш өткөрдү
Өрткө каршы күрөшүү агенттиги күч сынашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан