Паспорт алуу үчүн документ тапшырган жарандар Мамлекеттик каттоо кызматынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан онлайн режиминде паспорттун даярдыгын, жарактуулугун же жараксыздыгын текшере алышат. Бул тууралуу МККнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-августта билдирди.
"Бул кызматты колдонуу "Улуттук паспорттордун мамлекеттик реестри" автоматташтырылган маалыматтык системин ишке киргизүүдөн улам мүмкүн болуп калды. Систем жарандардын паспорттору боюнча бардык актуалдуу маалыматтарды камтып турат", - деп билдиришти басма сөз кызматы.
Мындан сырткары паспорттун даярдыгын Калкты тейлөө борборлоруна келбестен билүүгө мүмкүндүк бере турган функциясы ишке ашырылган.
"Эгер документ тапшырып жатканда уюлдук телефонунун номерин көрсөткөн болсо, паспорттун даярдыгы тууралуу маалымат автоматтык түрдө СМС-билдирүү менен жөнөтүлөт. Бул кызматты 2015-жылдын ноябрь айында жарандардын ыңгайлуулуктары жана тейлөө ыкчамдыгын жогорулатуу, калкты документтештирүү жана каттоо жөнүндө маалыматты берүү үчүн иштетиле баштаган МККнын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан колдонууга болот", - деп айтылат маалыматта.