Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
КРнын Улуттук банкына суроону damir007 аттуу колдонуучу калтырган.
Суроо: - Эмне үчүн жыл сайын жай мезгилинде курсу түшкөн АКШ доллары бул жайда кымбаттап жатат?
Жооп: - Валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талап көбөйгөндө анын курсу өсөт жана сунуш көбөйгөндө курсу түшөт. Ошондуктан алмашуу курсу чет өлкө валютасынын сунушу менен суроо-талабына жараша кээ бир убакта жогорулайт же төмөндөйт. АКШ долларынын курсунун өсүшү же төмөндөшү мезгилге гана жараша болбостон, ар кандай ички жана тышкы каржылык рыногунда болгон жагдайга байланыштуу да болот.
АКШ долларынын курсунун серпилүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени биздин өлкөдө өзгөрүлмөлүү алмашуу курс режими жүргүзүлүп келет. Мындай режимге ылайык, Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу максатында интервенцияларды өткөрөт.
Суроо: - Жыл башынан бери АКШ доллары канча сомго кымбаттады, анан качан туруктуу деңгээлде сакталды?
Жооп: - 2016-жылдын башынан тартып 9-августка чейин АКШ долларынын курсунун динамикасы ар кандай багытта болуп, анын диапазону 67,0894 сомдон 75,9 сомго чейин жеткен. Жылдын башында АКШ долларынын курсу жогоруласа, март айынан тартып ички рынокто, тескерисинче, төмөндөгөн.
2016-жылдын 26-июлунан тартып тышкы терс жана ички факторлорго ылайык, ички валюта рыногунда АКШ долларына болгон суроо-талаптын көбөйүшү байкалууда. Мындай көрүнүш АКШ долларынын курсунун жогорулоосуна алып келди. Ошентип, АКШ долларынын курсу 2016-жылдын 26-июлунан тартып 9-августуна чейин 2,3 пайызга жогорулады (67,1333 сомдон 68,6589 сомго чейин). Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу максатында 2016-жылдын 28-июлунда 14,55 миллион АКШ долларын сатуу боюнча интервенциясын өткөргөн.
Жалпысынан алганда, 2016-жылдын башынан 9-августка чейин АКШ долларынын курсу 9,5 пайызга төмөндөгөн (75,8969дан 68,6589 сомго чейин 1 АКШ доллары үчүн).
Суроого КРнын Улуттук банкынын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын дилингдик операциялар бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти Арзат Көлбаев жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.