"Тазалык", "Жашылдандыруу" жана "Бишкек асфальт-сервис" муниципалдык ишканалары оор атлетчи Иззат Артыковду Рио-де-Жанейродогу Олимпиададагы жетишкендиги менен куттуктап, бүгүнкү иш күнүн Кыргыз Республикасынын атынан кеткен спортчуларга арнашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-августта кабарлады.
"Учурда бул мекемелердин кызматкерлери күндөгүдөй бак-дарактарды кыркып, авариялык абалдагы бактарды кыйып, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн 25 жылдыгына даярданышууда. Кыргыз спортчуларына Олимпиадада ийгилик каалайбыз", - деп айтылат мэриянын маалыматында.