СУПЕРСТАН: "Акылдуу кыздар сырдуу болушабы?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акылдуу кыздар сырдуу болушабы?" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун суроосу:

"Чынын айтсам, мен өтө көп кыздар менен сүйлөшүп көргөм. Бирин коюп, экинчиси менен таанышчумун. Анан досторума айтып, "мындай сулуу кыз менен тааныштым, карасаңар" деп мактанып калчумун. Бир күнү дагы ошентип көрсөтүп жатсам, бир досум "Досум, акылдуу кыздар сенин кыздарыңдай сырын тез эле алдырып, тез эле илине койбойт. Сен туруктуу сүйлөшкөнгө сырдуу, акылдуу кызды изде. Үйлөнө турган куракка келип калдың" деп айтканда ойлонуп калдым. Чын эле ошондой болобу, достор?"

Темага калтырылган жооптор:

"Бардык нерсе өзүңө байланыштуу, өзүңдөн гана көз каранды".

"Акылдуу кыздар аз сүйлөйт, аз күлөт, токтоо болушат".

"80 пайыз тарбия, баланын дүйнө таанымы аялзатына байланыштуу болот. Ошон үчүн, кыздар, билимдүү болгула. Балдарды, кыргыз жигиттерин туура тарбиялагыла".

"Баары бир тең теңи менен болот... Акылдуу кыз менен сүйлөшүү үчүн акылдуу эркек болушу керек".

"Бул дүйнөдө акылсыз адамдын өзү жок го дейм. Азыркы заманда биринен бири өткөн акылдуу. Жөн эле акылсыз болуп көрүнгөн адамдар толтура. Ар бири өз көйгөйүнө келгенде акылын иштетип жашайт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nasaat
2016-08-11 08:54:40
Акылдуу кыз издеп , ар бирин андып олтурбай ,өзүнда акылдуу бол.
0
asikoati
2016-08-11 10:18:44
Акылдуу кыздар сырдуу токтоо аз кулуп аз суйлогон жан болушат дегенге кошулам. Акылдуу кыздар суйууго кезигип калса суйгон адамына баардык тарабынан ачылышы мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан